Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга кайсы жерлер өттү? (тизме)

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 11155 | 1

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрү аяктады. Бул тууралуу басма сөз жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кабарлады.

Ал чек аралардагы тактала элек маселелер эки тараптын тең кызыкчылыгын көздөө менен 100 пайыз чечилип, протоколго кол коюлганын айтты.

Кыргыз тарапка мурда талаштуу болуп жүргөн жерлер кайра такталып жазылды. Алар:

-Көк-Серек айылы-105 гектар;

-Баястан айылы — 212 гектар;

-Ак-Таш — 100 гектар(Кара-Суу району) ;

-Ункар-Тоо — 35 гектар (сөз болуп жүргөн тоо Кыргызстанга өттү);

-Кара-Белес участогу — 25 гектар (кайра алынды);

-Гавасай деген жер Наманган менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жеринде жайгашкан. Андагы 8000 гектар жер Кыргызстанга жазылды. Ал аймакта 5-6 айыл жана жайлоолор бар. Мурда бул жерде бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу чыккан. Эми ал жерлер толугу менен Кыргызстанга өттү. Шахрихан-Сай деген жерден 50 гектар Өзбекстанга берилди. Ордуна 50 гектар жерди Өзгөндун жогору жагынан алынат, — деди Ташиев.

Ташиев: Ворух анклавын алмашканга даярбыз

1 пикир

1 пикир

  1. Макс

    26.03.2021 15:56

    Суу сактагыч тоолук отуптурда анда

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM