Биз менен байланышыңыз

Макрон: Европа «дүйнөлүк согуштун жаңы түрүнө» кабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 1030 | 0

Европа вакцинага байланыштуу «дүйнөлүк согуштун жаңы түрүнө» дуушар болууда. Мындан пикирин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европа Биримдигинин онлайн-саммитинде билдирди.

Анын айтымында, бул кырдаалга Орусия менен Кытайдын вакциналар аркылуу таасир этүүгө умтулуусу себеп болууда. Ошондой эле Европа дары-дармек өндүрүүдө көз карандысыз болушу керектигин айтты. Макрон Европа жакынкы айларда коронавируска каршы вакцина өндүрүүдө алдыңкы катарга чыгарынан үмүттөнөрүн жашырбады.

Европанын ички рынок комиссары Тьерри Бретон буга чейин: «Европа «Sputnik V» вакцинасына муктаж эмес, себеби буга чейин Европа Биримдигинде жетиштүү деңгээлде төрт препарат иштелип чыккан жана жактырылган. «Sputnik V» вакцинасы колдонууга жарактуу, бирок аны өндүрүү Европа Биримдигинде жолго коюлушу керек. Орусия бул жаатта жардамга муктаж болушу мүмкүн», — деп билдирген.

Анткен менен Европа мамлекеттеринде бул жагдай талаш туудуруп келет. Маселен, Италиянын премьер-министри Марио Драги Европа Биримдигинин алкагында координация болбосо, Рим Орусия вакцинасына буйрутма берерин кабарлаган. Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркель: «Европа Биримдиги «Sputnik V» вакцинасын колдонушу керек, эгер вакциналарга буйрутма бербесе, Германия да өз алдынча алууну баштайт», — деп жар салган.

Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин: «Орусия «Sputnik V» вакцинасын эч кимге таңуулабайт. Европа Биримдиги кимдин кызыкчылыгын коргоп жатат — жарандардынбы же фармацевтикалык компаниялардынбы? Алар дагы эле бир нерсени үйрөтүүгө аракет кылышат, бизге каршы кандайдыр бир санкцияларды да колдонуп жатышат», — деп билдирген.

Учурда Орусия коронавируска каршы вакцинанын 3 түрүн каттоодон өткөрдү. Алардын биринчиси — Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илимий изилдөө борбору иштеп чыккан «Sputnik V» вакцинасы. Бул вакцина 52 мамлекетте жактырылып, кабыл алынгандардын саны боюнча 2-орунда турат.

Ошондой эле «Вектор» Вирусология жана биотехнология илимий борбору «ЭпиВакКорона» вакцинасын, Чумаков атындагы Иммундук табигый препараттарды изилдөө жана өндүрүү илимий борбору «КовиВак» вакцинасын иштеп чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM