Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу жер калган жок (видео)

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 1097 | 0

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрү аяктады. Бул тууралуу басма сөз жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кабарлады.

Ал чек аралардагы тактала элек маселелер эки тараптын тең кызыкчылыгын көздөө менен 100 пайыз чечилип, протоколго кол коюлганын айтты.

Кыргыз тарапка мурда талаштуу болуп жүргөн жерлер кайра такталып жазылды. Алар:

-Көк-Серек айылы — 105 гектар;

-Баястан айылы — 212 гектар;

-Ак-Таш — 100 гектар(Кара-Суу району) ;

-Ункар-Тоо — 35 гектар (сөз болуп жүргөн тоо Кыргызстанга өттү);

-Кара-Белес тилкеси — 25 гектар (кайра алынды);

— Гавасай деген жер Наманган менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жеринде жайгашкан. Андагы 8 миң гектар жер Кыргызстанга жазылды. Ал аймакта 5-6 айыл жана жайлоолор бар. Мурда бул жерде бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу чыккан. Эми ал жерлер толугу менен Кыргызстанга өттү. Шахрихан-Сай деген жерден 50 гектар Өзбекстанга берилди. Ордуна 50 гектар жер Өзгөндүн жогору жагынан алынат, — деди Ташиев.

Кыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга кайсы жерлер өттү? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM