Биз менен байланышыңыз

УКМК: 600 миң долларлык ИВЛ аппаратын 1,8 миллион долларга сатып алышкан

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 775 | 0

Коронавирус пандемиясы маалында медициналык жабдууларды өз наркынан кымбат сатып алган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, 2020-жылдын май айында Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык гранттардын жана насыянын эсебинен 1,8 миллион долларга 67 ИВЛ аппаратын сатып алган. Факты жүзүндө алардын базар наркы 600 миң долларды түзгөн.

Айта кетсек, ар бири 30 миң доллардан турган 40 ИВЛ аппараты алынган. Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасында анын чыныгы баасы 7 миң 900 доллар болгон.

Мындан тышкары 2020-жылдын сентябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги ар бири 25 миң доллардан турган 27 даана балдарды жасалма дем алдыруучу аппарат сатып алышкан, бирок алардын базар баасы 10 миң доллар турат.

Ушундай эле абал медициналык мекемелерге кычкылтек концентраторун жана атайын керебеттерди жеткирүүдө да байкалууда.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесине ылайык катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM