Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Непал менен беттеште тең чыкты

Кыска кабар , Спорт | 26 Мар 2021 | 1331 | 0

Кечээ, 25-мартта Кыргызстандын фубол боюнча курама командасы (U-23) Непалда өтүп жаткан Үч улуттун Кубогу турниринде талаа ээлери менен беттешип, оюн тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы расмий сайтына жарыялады.

Экинчи айлампадагы оюнда Кыргызстан курама командасынын капитаны Камолиддин Ташиев 19-мүнөттө сары айып кагазын алып, 67-мүнөттө оюндан четтетилди. Оюндун тең чыгуусуна бул да таасир эткенин белгилеген команданын машыктыруучусу Нурбек Жолдошев.

Кыргызстан курама командасы 23-мартта өткөн оюндун биринчи айлампасында Бангладеш менен беттешип, 0:1 эсебинде жеңилип калган эле.

Эки турдун жыйынтыгы менен Кыргызстан курама командасы турнирдик таблицада бир упайга ээ болду.

Кийинки беттеш 27-мартта Бангладеш менен Непалдын ортосунда өтөт. Кыргызстан курама командасынын тагдыры ушул беттештин жыйынтыгына байланыштуу болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM