Биз менен байланышыңыз

«Фейсбук» абактагылар үчүн жаңы тиркеме ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 794 | 0

«Facebook» социалдык тармагы абактагылар үчүн жаңы тиркеме ачуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги билдирди.

Кечээ, 24-мартта «The Re-Entry App» («Кайтып келгендер үчүн тиркеме») аталышындагы тиркеменин жарнамасы «Инстаграм» социалдык тармагына жайгаштырылган. «Түрмөдөн кийинки коомчулук тарабынан колдоого алынган жашоого даярдык» аталышындагы бул билдирүүдө тиркемеге кирүү сунушталган. Бирок, пост бат эле өчүрүлгөн.

Мунун себебин алар: «Биз тиркемедеги көйгөйлөрдү чечүүнүн ар кандай жолдорун карап жатабыз. Бул ички тестирлөө үчүн гана ачылган эле. Тилекке каршы, тышта да иштеп баштагандан улам билдирүүнү алып салдык», — деп түшүндүрүштү.

«Facebook» компаниясынын «The Re-Entry App» тиркемеси коомдук коргоого алынбаган топтордун өндүрүмү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM