Биз менен байланышыңыз

АКШда Орусиянын мунайына болгон талап күчөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 649 | 0

АКШнын Орусиядан мунайды импорттоосу 7 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу «Bloomberg» маалымат агенттиги жазды. 

Буга чейин 0,05 пайызды гана түзүп келген бул импорттун кескин көтөрүлүп кетишине АКШнын Венесуэлага санкция салуусу себеп болгон. Тактап айтканда, АКШ бийлиги Венесуэланын президенти Николас Мадурону коррупциялык иштер боюнча айыптап, мунай сатуудан түшкөн кирешесинен «ажыратууну» көздөгөн. Мындан улам эки өлкө ортосундагы мунай соодасы токтоп, АКШнын мунай компаниялары Орусиядан товар ташууга өткөн.

Бул көрүнүштүн экинчи бир себеби катары АКШга Сауд Аравиядан мунай экспорттоо кескин төмөндөп кеткени айтылат. Тагыраагы, Орусия АКШга 2020-жылы суткасына 538 миң баррель мунай жөнөтүп турса, Сауд Аравияда бул көрсөткүч 522 миң баррелди түзгөн. Муну менен Орусия дүйнөлүк мунай рыногунда үчүнчү орунду ээледи.

Эске салсак, Орусиядан АКШга мунай экспортоо 16 жылдын ичинде эң көп дегенде 9,1 млн тоннага жеткен. 2019-жылы бул көрсөткүч 2,3 эсеге жогорулаган.

Эксперттер Вашингтондо Орусиянын импортунун көбөйүшү боюнча кооптонууну байкай электигин билдиришти. Эгерде Сауд Аравия жакынкы бир нече айда мунайды экспорттоону мурдагы калыбына келтирсе, АКШ Орусиядан мунай импорттоону токтотушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM