Connect with us

Орусияга кирген мигранттардан манжа издери алына турган болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 896 | 0

Орусиянын Мамлекеттик Думасы мигранттарга байланышкан жаңы мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу Мамдуманын маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, 90 күндөн ашык мөөнөткө кирген мигранттардан мындан ары манжа издери алынып (дактилоскопия), сүрөткө тартылып, анан медициналык кароодон өткөрүлөт.

«Мигранттардын ден соолугун көзөмөлдөө калыпка салынбаганы, коркунучтуу илдеттердин диагнозу коюлган адамдарга карата натыйжалуу алгоритмдердин жоктугу Орусиянын аймагында жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучун күчөтөт», — деп айтылат мыйзамдын түшүндүрмөсүндө.

Мындан тышкары жеке жарандардын биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоонун жоктугу издөөдө жүргөн адамды аныктоодо олуттуу кыйынчылыкка дуушар кылары белгиленген.

Ошол эле учурда Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн келген жарандардан бул шарттар талап кылынбай турганы маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM