Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Түндүк-Түштүк жолун бүткөрүүнү өз көзөмөлүмө алам

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 618 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Жумгал районундагы тилкеси менен таанышты.

Белгилей кетсек, 10-мартта Жумгал районундагы Доскулу айылынын эли көтөрүлүп, жолдо каттоого мүмкүн болбой калганына нааразы болушуп, курулушун тездетүүнү талап кылышкан.

Узундугу 433 км түзгөн Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Эпкин — Башкууганды тилкесин куруу үчүн тендерден утуп алган италиялык «Todini Costruzioni Generali»компаниясы ишти тиешелүү деңгээлде жүргүзбөй, 70%ы бүтөт деп белгиленген мөөнөттө 9%ын гана бүтүргөндүктөн, 2020-жылдын ноябрь айында иш аткаруучулар менен түзүлгөн келишимди токтотуу тууралуу билдирүү Өкмөткө жөнөтүлгөн. Учурда жаңы иш аткаруучуну тандоо үчүн тендердик иш кагаздары даярдалып жатканы маалым болгон.

Эл менен жолугушуусунда буларды маалымдаган Премьер-министр: «Жаңы тендер өткөрүлөт. Жолдун курулушун мен жеке көзөмөлүмө алам. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин астында ишти тездетүү жана бардыгын өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо милдети турат. Министр бул үчүн жеке жоопкерчилик алат»,- деген убадасын берди.

Ошондой эле ал башка маселелер боюнча да бир катар суроолорго жооп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM