Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы: Бардык күч-аракетти мектептерди бүткөрүүгө жумшайбыз

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 331 | 0

Өкмөт бюджеттин тартыштыгына карабастан, бардык күч-аракетин башталып, бүтпөй турган мектептердин курулушуна жумшайт. Мындай пикирин Премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышып жатып билдирди.

Туз айылындагы 225 орундуу мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Имараттын тендердик наркы 58,3 млн сомду түзөт. Учурда мектептин 70%ы бүткөрүлгөн.

«Мектепти толук бүтүрүүгө бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнөт. Жаңы окуу жылында балдар жаңы мектепке барышат. Тилекке каршы, республика боюнча каражаттын жоктугуна байланыштуу курулушу токтоп турган мектептер бар. Түзүлгөн кырдаалга карабастан, Өкмөт курулушу 60-70%дан ашуун бүткөрүлгөн мектептерди толук бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы үч жылдын ичинде бул иштер аягына чыгууга тийиш», — деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы мындан тышкары райондун эли менен жолугушуп, анда чечилбей келген бир катар маселелер талкууланды. Калк менен баарлашуу учурунда Улукбек Марипов район акимдеринин инвестицияларды тартуусу, жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүүсү, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жаатында натыйжалуу иш алып баруусу маанилүү экенин баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM