Биз менен байланышыңыз

БУУ Кыргызстандын бажысын санариптештирүүгө көмөктөшөт

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 596 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов БУУнун конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча (ЮНКТАД) баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд менен видео байланыш аркылуу маектешти.

Анда бажы тутумун санариптештирүү маселеси талкууланып, коррупциялык көрүнүштөрдү олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берген автоматташтырылган тутумдун (ASYCUDA) бетачары болду.

Премьер-министр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде бажы процедураларын санарипке өткөрүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналарын дагы кайталады.

«Биз бул тутумду пайдаланууга кызыкдар экенибизди билдиребиз жана уюм менен кызматташууга ниеттенүүдөбүз», — деди Марипов.

БУУнун өкүлү Изабель Дюранд кызматташууну өнүктүрүүгө жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM