Биз менен байланышыңыз

Министр: Ата-энелер фонду тууралуу маселени тыкыр анализдеп чечим чыгарабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 6836 | 8

Мектептерде ата-энелер фондун мыйзамдаштыруу же толугу менен жокко чыгаруу маселеси каралууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосунун «5+1» программасына берген маегинде айтты.

Анын айтымында, айрым мектептерде ата-энелерден каражат чогултулуп жатканы — туура көрүнүш. Ата-энелер фондуна каражат чогултуу мыйзамдаштырылса, аймактарга жараша ставка коюлат. Мында көп балалуу, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн абалы эске алынат жана жеңилдик берилет.


Бейшеналиев: Билим берүү тармагын реформалоого саясий эркибиз жетет (5+1 программасы)


«Ата-энелер фонду боюнча министрлик май айына чейин толук көз карашын жарыялайт. Учурда бул боюнча анализдер жүрүп жатат. Бул маселени министрлик өзү чечип кое албайт. Өкмөткө сунуш киргизет жана ал өкмөттүн деңгээлинде чечилет», — деп кошумчалады Алмазбек Бейшеналиев.

Айтылган маалыматка ылайык, республикалык бюджеттин 26%ы билим берүү тармагына жумшалат. Анын ичинен 86%ы мугалимдердин айлык акысына сарпталат. 10 пайызы чарбалык товарларды сатып алууга жана мектептин айрым чыгымдарын жабууга керектелет. Ал эми өнүгүү үчүн каражат бөлүнбөйт.

«Өлкөдө 245 авариялык абалдагы мектеп бар, 400 билим берүү объекти капиталдык оңдоп-түздөөгө муктаж. Ошондуктан коомчулукту колдоо көрсөтүп, жетишсиз болуп жаткан компьютер, окуу куралдары менен камсыз кылууга чакырам. Жергиликтүү деңгээлде ишкерлер, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жардам бербесе, бул абалдан чыгып кете албайбыз», — дейт Бейшеналиев.

Министр: Директорлорду аттестациядан өткөрүү — коомдун талабы

8 пикир

8 пикир

  1. Гүлсүн Шараповна.баш.класс

    24.03.2021 14:39

    ООБА КАМКОРЧУЛАР КЕНЕШИНИН ИШТЕРИН КҮЧӨТҮҮ КЕРЕК

    • Алтынбек.

      24.03.2021 20:49

      Бизде ошол эле жетпей жатат.Урманттуу министр мороза,компот мектепти камкордукка ала албай калдыбы? Анда деректирлердин куну тууат экенда!Кыйыны класс жетекчиге болот,деректир куулап журуп алат экенда Тем более,что это хотят узаконить.Уважаемый господин министр этого допускать нельзя.Знаете,каково приходится родителям?Пусть государство обеспечит всем необходимым.Вы лучше обратите ВНИМАНИЕ на вопрос ПОДГОТОВКИ КАДРОВ,УЛУЧШЕНИЯ МАТЕРИАЛЬНОГО ПОЛОЖЕНИЯ ПРОСТОГО УЧИТЕЛЯ.Я ДУМАЮ,ЧТО ВЫ ПРИМИТЕ ПРАВИЛЬНОЕ РЕШЕНИЕ.С уважением к Вам рядовой учитель школы.

    • Дилшат

      24.03.2021 22:27

      Мен тан калам азыркы агай мугалимдерге мектепкечейинки балдарданда топтоп атат телевизор бир нерселерге деп андай мындайларга деп уялсанар болобу деги акча акча деп эле журо бересинерби

  2. Алик

    24.03.2021 17:49

    Туура эмес, министрдин жеткен акылы ушубу, эл салык төлөп казынаны толтуруп жатат, дагы мектепке төлөсө билим алуу акысыз деген мыйзам кайда, ансыз да онлойн окуу жүдөттү, чиновниктерди кыскартып, маяналарын азайтсын көрөбүз кандай реакция болот, же акчалуу ичкен жегендерге жүктөсүн, он жолу мыйзамдаштырсын дагы эле жемкорлорго жем болот эл, ушул дагы реформабы бул элди тоноо, чындап көтөрүлүш болот министр!

  3. Венера

    24.03.2021 19:09

    Башты оорутпачы анда министрлердин кереги жок та

  4. Сталбек

    24.03.2021 22:53

    Билим беруу министринин созу болсо анда жакшы доляга отурганы калган экен.Мыйзамдаштырып жегенге откуло эми.

  5. Роза

    25.03.2021 07:57

    Кээ бир мектеп директорлору аккредитациядан отобуз деп мугалимдерден акча чогултуп алышты.

  6. Асылкан

    28.03.2021 00:02

    Итак эле акча береалбай калган эне атандын балдарын кемсинтип
    жаткан мугалимдер аз эмес,анда кандай болот.Тенсиздик ого бетер куч алат.Эне арам акча берген жок,Джей страйт деп мектепке барбай кочодо жаргон балдар да жок эмес.Келечек муун эмне болот.Тамак аш,киймге жетпей отургандар бизде коп эле…….

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM