Биз менен байланышыңыз

Министр: Директорлорду аттестациядан өткөрүү — коомдун талабы

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 6085 | 4

Мектеп директорлору гана эмес, бала бакча, техникалык-кесиптик окуу жай жана колледждердин жетекчилери да аттестациядан өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, директорлорду аттестациядан өткөрүү — коомдун талабы. Учурда аттестация баштала элек. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин талкуусунда.

«Аттестациянын максаты көп жыл иштеген жетекчилерди кетирүү эмес. Аттестация өзүнүн пайдасын берет. Экинчиден, мындан ары билим берүү тармагынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат. Бирок Бишкек  шаарындагы айрым директорлор буга катуу каршы чыгып, жогорку деңгээлдеги чиновниктерге чейин арызданып, мыйзамга тоскоолдук кылып жатышат. Анткени ата-энелер фондуна чогулган акчадан директорлордун чоң үлүшү бар. Айрым мектептердин директорлору аким же мэрге караганда да жогору туруп калган. 27 жылдан бери кызматтан түшпөй келишет. Эгер ал директорлор отурган кызматына татыктуу болсо, аттестациядан өткөндөн кийин деле иштей берет», — дейт Бейшеналиев.

«Мектеп мугалимдери квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуулардан өтөт. Анан эмне үчүн аларды жетектеген директорлор аттестациядан өтпөшү керек? Бул жерде баарына бирдей мамиле болушу зарыл», — деп кошумчалады министр.

Мындан сырткары, мектеп директорлорун жергиликтүү бийлик дайындап келген саясат туура эместигин, билим берүүнүн бирдиктүү саясатын министрлик өзү жүргүзүшү керектигин белгилеп, директорлорду дайындоодо конкурс аркылуу өткөрүү туура экенин айтып өттү.

Министр: Мектептеги акча чогултуулар же мыйзамдаштырылат, же жокко чыгарылат

4 пикир

4 пикир

  1. Шамилов Эртабылды. Эл агартуунун мыктысы. Москва жана Москва обл. мугалимдердин"Агартуу билим борбор" коомдук уюмунун торогасы.

    24.03.2021 21:05

    Мектеп директорлорун атецтациялоо эн туура. 5жылдан кем эмес пед.стажы, жогорку каегориясы бар сабакты мыкты откон,уюштуруучу жондому кучтуу,адилет мугаимдерден коллектив аркылуу тандап атецтацияга жонотуу туура.Директор чарбачылэмес,методис оз билимин тынымсыз оркундотуп турган жетекчи болууга тийиш. Ар куну 2же 3 жолу мугалимдин сабагына кирип катышып анализ бербеген директор ал жетекчи эмес. Мугалим окуткан сабагынын сапатына, окуучуларынын билимине жооп беууго тийиш. Директор ар бир мугалимдин сабагынын сапатына карап контроль кылса ал мектепте окуучулардын били и жогорку болуп, ата энелердин коомчулуктун мектепте болгон урмат сыйы кучтуу болот.

  2. Панура

    25.03.2021 07:09

    Чынын айтсак мектеп директорлорун эле каржылоо, ошолордун турмуш тиричилигин оңдоо, байытуу үчүн акча каражаттарын чогултуу Эгер акча чогултулсун деген мыйзам кабыл алса анда көп деген балдардын окуусун таштоого алып келет. Анткени ата-энелер жумушсуздук, айылда жалаң жер, мал менен оокат кылышат.

  3. Панура

    25.03.2021 07:14

    Мектеп директорлорун өткөзүш керек, билими бар болсо да жетекчилик способности жоктор келип алып, мугалимдерди да и окуучуларды да кыйнашат.

  4. Панура

    25.03.2021 07:18

    Аттестациядан, аккредитациядан отуу коррупцияланып калган. Ошол кезде акча чогултуу башталат мугалимдерден.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM