Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Март окуясына байланыштуу кайрылуу жасады

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 1134 | 0

Президент Садыр Жапаров 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды эскерип, кайрылуу жасады. Ал бул күндү эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу окуя катары эсте калганын айтты.

Жапаров кыргыз элинин бул күнү баш көтөрүп чыгышына адилетсиз бийлик менен мыйзамсыздыктын, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу менен жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлганы себеп болду деп эсептейт.

«Бийликке нааразы болгон жарандарыбыз ошол күнү өлкөнүн бардык булуң-бурчунан агылып келип, ордо калаабыздын тургундары менен чогуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылышты.

Кыргыз эли — байыртадан эрки күчтүү, кайраттуу, адилетсиздикке эгерим моюн сунбаган эл. 30 жылдык эгемен жашоосунда өлкөбүз кандай гана окуяларды баштан кечирген жок! Саясий толкундоолор менен коронавирус пандемиясы, оор жоготуулар менен экономикалык кыйынчылыктар сыяктуу оорчулуктарга карабастан, саясий эркиндикке жана демократияга умтулуу мүдөөсүн моюбай сактап келет», — дейт Садыр Жапаров.

Президент Жапаров Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландырууну максат кыларын, өлкөдө стабилдүүлүк үстөм болуп, мыйзамдар аткарылып турса, мамлекет өнүгүү жолуна түшөрүнө ишенет.

Бүгүн 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга 16 жыл болду. «Жоогазын революциясы» деген ат менен белгилүү болгон март окуялары Жалал-Абад,Ош аймактарынан башталып, нааразы болгон эл борборго келген.

Ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн авторитардык, үй-бүлөлүк саясаты, социалдык-экономикалык оор кырдаал элди көчөгө алып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM