Биз менен байланышыңыз

Адилет Камчыбеков параатлетика боюнча турнирде коло медаль алды

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 580 | 0

Пара-жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов машыктыруучусу Алмаз Абиров менен бирге 18-20-март күндөрү Тунисте өткөн лицензиялык «Гран-при» мелдешине катышып, Адилет Камчыбеков диск ыргытууда коло медаль алды. Бул тууралуу Жаштар иштер, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Камчыбеков найза ыргытууда F-42 группасында (туруп)  7-орунду, ядро түртүү боюнча 5-орунду ээледи.

Мындан тышкары Арстанбек Базаркулов найза ыргытууда F-34 группасында (коляскада) 8-орунду, ядро түртүү боюнча 7-орунду, диск ыргытуу боюнча 4-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, мелдешке дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн 600 спортчу катышты. Адилет Камчыбековдун турнирге барып келүүсүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы каржылаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM