Пара-жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов машыктыруучусу Алмаз Абиров менен бирге 18-20-март күндөрү Тунисте өткөн лицензиялык «Гран-при» мелдешине катышып, Адилет Камчыбеков диск ыргытууда коло медаль алды. Бул тууралуу Жаштар иштер, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Камчыбеков найза ыргытууда F-42 группасында (туруп) 7-орунду, ядро түртүү боюнча 5-орунду ээледи.
Мындан тышкары Арстанбек Базаркулов найза ыргытууда F-34 группасында (коляскада) 8-орунду, ядро түртүү боюнча 7-орунду, диск ыргытуу боюнча 4-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, мелдешке дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн 600 спортчу катышты. Адилет Камчыбековдун турнирге барып келүүсүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы каржылаган.