Биз менен байланышыңыз

Тагайбек Урматаев: Футболдун 68 жылдык тарыхын «колго» жаздым

Блог , Спорт | 2 Апр 2021 | 6021 | 3

Футбол боюнча 1930-жылдан берки дүйнөлүк чемпионатты бир канча дептерге кооздоп, китептей кылып колдо жазып келген Токтогул районундагы Үч-Терек айылынын тургуну Тагайбек Урматаев «Футбол энциклопедиясын» азыркы күнгө чейин сактап келет. Токтогулда мугалимдик кесипти аркалаган футбол күйөрманы менен анын кызыгуулары боюнча маектештик.

— Футболго болгон кызыгууңуз канча жашыңызда ойгонду жана 68 жылдык футбол тарыхын дептерге түшүрүүгө эмне түрткү болду?

— Эң алгач 1986-1987-жылдарда Советтер Союзунда атактуу болгон Ринат Дасаев деген дарбазачыны көрүп, аябай таасирленген болчубуз. Анын баскан-турганына чейин маани берип, аны туурап жашап калганбыз, азыркы тил менен айтканда, «фанаты» болчубуз. «Мен Дасаевмин» деп, балдар менен талашып кеткен учурлар болду. Ошол жылдары 1987-жылдары болушу керек эле, «Динамо-Киевдин» курамында жакшы футболчулар болгон. Ал клубдун «Спартак-Москва» командасы менен ойногон учурун көрүп калдым, андан ары футболго болгон кызыгуум артты. Ошол эле учурда гезит-журналдарда спорттун бардык түрү укмуштуудай чагылдырылып келчү. Мына ошол кезде бизде ар кандай хоккейчилердин, футбол оюнчуларынын, айтор, спортко таандык болгон эмне эле болсо, сүрөттөрүн жыйнап, наклейкаларын ар кайсы жерге чаптап, чогултмай башталды. Анан кызыктуу макалаларын кыркып алып, ага атайын бир дептер ачып, ошол жерге жыйнап, кези келгенде кызыгып окуп жүрдүк. Мен баштагандан кийин, мени көрүп жалпы классташтарым да ошол нерсеге өтүп кетти.

— Ар бир дүйнө чемпионатын калтырбай, дептерге түшүрүп турууну качан баштадыңыз эле?

— Кызыгуум 3-класста башталган. Ал убакта жөн эле кагазга жазып койчумун. Кийин 1995-жылы шаарга окууга келгенде дептерге түшүрөйүн деп кирише баштадым. Мунун баары кол жазма менен жазылган. 1930-жылдан беркисин жазып, 1998-жылы Францияда өткөн чемпионат менен токтогон. Мунун ичинде кайсы өлкөлөр ойногон, калыстар кимдер, кайсы стадиондо болгон, канча көрүүчү кирди, кимдер канча гол киргизди, оюндан кимдер четтетилди эле, мына ошолордун баары камтылган.

— «Дептериңизди сатыңыз» дегендер болду беле? Эгер болсо, канча сом сунуштаган?

— Ооба. Бир жолу Токтогулда «Камбар-Ата-2» ГЭСин куруп иштеп жаткан орусиялыктар менин жазып отурганымды көрүп таң калышып, «Ушуну бизге сат», — деп суранышкан. Мен муну эч кимге сата албайт болчумун, каршы болдум. Анан алар мага бир дептер берип, «Өзүңдүкүндөй кылып бизге да 1-2 бет болсо да жазып берип кой», — деп суранышты. Макул деп финалдарын гана жазып берип койдум эле 1000 сом беришкен. А бул дептерди кийин деле эч кимге сатпайм, үйдө да балдарыма карматпайм. Менде мындан башка бир үй толо турган сүрөттөр бар. Музей кылса да болчудай, ушул нерсени көптөн бери ойлонуп жүрөм. Анткени ошол музейге кирген адам «Бразилия же Франциянын курамасы кантип ийгиликтерге жетишти эле» деген сыяктуу маалыматтарды көрө алат.

— Сиз ар бир дүйнөлүк чемпионатты калтырбай жазып келет экенсиз, балким ошолордун бирөөсүн өз көзүңүз менен көрүп, барып катышып келген чыгарсыз? 

— Бизде антип барып катышууга эң эле биринчи шарт жок, андан кийин жумуш деп жүрүп, убакыт деле болбоду. Бирок 1995-жылы мектепти бүтүп, шаарга келгенде жаш кезибизден бери эле СССРдин чемпионатында жана Орусиянын чемпионатында да колдоп келген күчтүү клубдун бири «Спартак-Москва» Бишкекке келип калды. Бизден чыккан күчтүү команда «Алга» менен ойноп, аны 6:1 эсебинде жеңип кетишкен. Алардын күчтүү экенин ансыз деле билчүбүз. Мына ошол оюн мен көргөн эң эле чоң футболдук беттеш болду окшойт.

— Сиз кайсы белгилүү футболдук клубдун күйөрманысыз?

— Негизи азыр кимди эле сурасаң, «Барселона» же «Реал Мадрид» командаларын, же Англия клубдарын жакшы көрүп, ошолордун эле бирин айтат. Бирок мен айырмаланып, Италиянын «Милан» курамасын ар дайым баалайм. Алардын жеке тактикасы, жасаган эмгеги, аракеттери таң калтырчу. Мына ошол команданы тааный баштагандан бери эле колдоочусу болуп келем.

— Негизи ким эле болбосун, өзүнүн кумир туткан адамы менен жолугушууну эңсейт эмеспи. Эгер сизде мүмкүнчүлүк болсо, кайсы дүйнөлүк футбол жылдызы менен жолугушууну каалайт элеңиз?

— 2000-жылдарда футболчулардын көбү эле атактуу болчу да, бири-биринен алтын топ талашып. Ошол эле Зинедин Зидан, Луиш Фигу, Роналдиньону атап кетсек болот. Ал эми акыркы 10-15 жылдан бери дүйнөдө Роналдо менен Мессиден ашып өткөн атактуу футболчуну көрбөдүк. Мени деле алардын жеткен жетишкендиктери таң калтырат. Деги эле өнүккөн технология, интернеттин заманында аларды тааныбай коюу мүмкүн эмес болуп калды го. Мен да эл катары мына ушул экөөнө абдан баа берем. Айрыкча Лионель Мессини колдоп, мүмкүн болсо жолугууну деле каалайт элем.

— Кыргыз футболуна канчалык күйөрмансыз? Биздин клубдардын беттештерин көрөсүзбү? Деги эле Кыргызстандын курамасы футбол менен алдыга чыга алабы?

— Бул менин кемчилигим болсо керек, ушул биздин кыргыз футболуна анчалык деле маани берип, күйөрман болбоптурмун. Бирок ушуну так айта алам, Кыргызстандын акыркы жылдарда көрсөткөн көрсөткүчтөрү менен биздин өлкө да эң жакшы деңгээлге бара ала турганына көзүм жетти. Акыркы Азия чемпионатында футболчулардын аракети, биздин кыргыз колдоочулардын реакциясы, чоң үмүт арттырат экен жаран катары. Ошондой эле Гүлжигит Алыкуловдун акыркы жаңылыктарда жетишкендиктерин көрүп жатабыз. Анын ийгиликтери да биздин Кыргызстанга келечекте жакшы кубаныч тартуулайт деп ишенем.

— Эмне үчүн биздин өлкөнүн курамасы Азия чемпионатында алдыга озуп чыга албай, же айталы, дүйнөлүк чемпионатка катыша албай келет? Биздеги кемчиликтер эмне болушу мүмкүн, ушул тууралуу айтсаңыз?

— Биз билген Түштүк Кореянын, Япониянын курама командалары күчтүү өлкөлөр менен беттешке түшүп, такшалып калган десек болот. Эгер байкаган болсоңуздар, Кыргызстан деле акыркы жылдарда күчтүү өлкөлөр менен беттешип, ойногону үчүн биздин курама да барган сайын алдыга жылып, же болбосо ошол Гүлжигит сыяктуу таланттуу, күчтүү жигиттерди чыгара баштады. Дагы бир маселе, бизде колдоо жок. Аскар Салымбеков какшап келатпайбы: «Келгиле, футболду өнүктүрөлү, эл аралык стандартка жооп берген футбол аянтчасын куралы», — деп. Биздики азыр дүйнөлүк талапка жооп бербейт экен. Эгер ушундай нерселер ишке ашканда, биздин футболчуларга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Мисалы Орусия ушуга көңүл бургандан кийин «Зенит» Европанын Супер Кубогун жеңип алганын баарыбыз билебиз.

Маектешкен: Насиридин Тайлаков

 

3 пикир

3 пикир

  1. Адилет

    02.04.2021 20:19

    Жакшы 😍

  2. Каныбек Пармантегин

    03.04.2021 08:14

    Фанат болбосоң коё кал. Эң жогорку мактоого татыктуу инсан экен. Баракелде!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM