Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов «Жетим-Тоо» боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 1055 | 0

Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов «Азаттык» радиосундагы маегинде «Жетим-Тоо» боюнча пикирин билдирди.

Ал «Жетим-Тоо» темир кенин иштетүүнү же иштетпөөнү эл чечсин деген пикирде. «Жетим-Тоо» боюнча терс маанай спекулятивдик жагдайда пайда болду. Ал кен боюнча бийлик жөн гана сөз кылган. Болгону пикир айтылган. Аны дароо бурмалашып, Кытайга бергени жатышат деп чыкты. Бул туура эмес. Мисалы Кара-Кече көмүр кенин деле мамлекет өзү иштетип жатпайбы? Мына ушундай эле кеп болгон. Эми ал кенди иштетүүнү эл чечиши керек», — деди Шыкмаматов.

Ошондой эле мындай ири долбоорлорду иштетүү үчүн коом бышып жетилиши керек деп эсептейт. «Коомубуз «сүткө оозу күйгөндүктөн» мындай долбоорлордон чочулап жатат. Жетим-Тоону уккусу келбейт. Эгер эл коркуп жатса, анда жата берсин», — деп кошумчалады ал.

Шыкмаматов: Кыргызстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин өз күчү менен кура албайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM