Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Кыргызстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин өз күчү менен кура албайт

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 1343 | 0

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин өз күчү менен кура албай турганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта «Азаттык» радиосуна берген маегинде айтты.

Анын айтымында  «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууда эгер Өзбекстан менен келишим түзүлсө, өзбек тарап капитал гана салат. Ал эми объектке ээлик кылуу Кыргызстандын карамагында болот.

«Чынын айтканда, Кыргызстан өзү ГЭС курууга мүмкүнчүлүгү жок. Буга сөзсүз инвестор керек. «Өзүбүз салабыз» деген — утопия. Мындай болсо дагы 10 жыл күтүү зарыл».

Ошондой эле, Шыкмаматов бул боюнча келишим түзүлө электигин, болгону чогуу куруу ниетин гана билдиришкенин кошумчалады.

Шыкмаматов «Жетим-Тоо» боюнча пикирин билдирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM