Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасынан 530 миң сомдук аткез товар кармалды

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 448 | 0

Баткен облусунун Лейлек районундагы чек арага жакын жерден аткез товар алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу «Кольцо» тилкеси аркылуу кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп бараткан «Мерседес-Спринтер» унаасы токтотулган. Унааны текшерүү учурунда 5 тоннага жакын жашылча-жемиш табылган. Аны Тажикстандан Кыргызстанга аткез жол менен алып өтүүгө аракет жасашканы аныкталды. Алынган товардын базар баасы 530 миң сом деп эсептелди.

Учурда кармалган жарандар жүгү менен кошо тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM