Биз менен байланышыңыз

Литвада эл өкүлү чиновниктерге айлык акыны каз түрүндө төлөөнү сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Мар 2021 | 746 | 0

Литвада эл өкүлү чиновниктерге айлык акынын бир бөлүгүн каз түрүндө төлөөнү сунуштады.

Тиешелүү сунушту парламенттин айыл иштери боюнча комитетинин отурумунда Литванын мурдагы Айыл чарба министри, депутат Гедриус ​​Сурплис киргизген.

Депутат мындай чара менен акыркы учурда коронавирус пандемиясынын айынан иши жакшы жүрүшпөй жаткан ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого мүмкүн деп эсептейт. Ал жергиликтүү ишкерлерди колдоо бийликтен гана эмес, элден да көз каранды экендигин баса белгиледи.

Сурплис мындай тажрыйба буга чейин республиканын тарыхында болгонун эске салды. Ошондой эле, ал Литванын ошол кездеги президенти Антанас Сметонанын башкаруу мезгилинде мамлекеттик кызматкерлер жана депутаттар айлык маянасынын бир бөлүгүн каз түрүндө алганын мисал келтирди.

Литвада буга чейин ишкерлер банкротко кабылуу божомолдоруна байланыштуу  митинг уюштуруп, бийликке нааразычылгын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM