Биз менен байланышыңыз

Кытайда Трамптын айкели жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2021 | 697 | 0

Кытайдын Сямынь шаарынын тургуну АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын айкелин жасады. Бул тууралуу «ABC News» кабар агенттиги билдирди.

Айкелди жасоодо сүрөтчү Будданын элесин тандап алган. Көрүнүп тургандай, халатчан Трамп мандаш токунуп, сыйынуу абалында отургандай сүрөттөлгөн.

«Ким эмне ойлосо да, Трамп ийгиликтүү. Анын аты аталган кандай гана майда нерсе болбосун, чуу жаралып, эл арасында абдан талкууга алынат. Бирок бул эмгек тынчтыкты тартуулайт. Анткени айкел менен Трамптын инсандыгы бири-бирине карама-каршы келет. Менин оюмча, эки башка образды дал келтирүү өзгөчө кызыктуу болду», — деген оюн билдирген сүрөтчү.

Айкелчинин айтымында, ал Трамп тууралуу видеотасмалардан шыктанган. Ошол эле учурда эмгегине саясий көрүнүштөрдү киргизбегендигин белгилеп өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM