Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү-2021: «Ынтымак» командасы Жогорку лиганын чемпион болду

Кыска кабар , Спорт | 21 Мар 2021 | 1350 | 0
Сүрөт "Азаттыктын" түз эфиринен алынды

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына карата өтүп жаткан Көк бөрү боюнча мелдеш аяктады. Анда Жогорку лигадан Таластын «Ынтымак» командасы чемпион аталды.

Жогорку лиганын финалдык беттеши Оштун «Достук» командасы менен Таластын «Ынтымак» командасынын ортосунда өттү. Негизги үч бөлүмдө оюн 4:4 эсеби менен аяктады. Андан соң берилген кошумча убакытта да эсеп өзгөрбөй, алып качмайга (буллит) кезек берилди. Анда эсеп 6:5 менен аяктап, оюн «Достук» командасынын пайдасына чечилди.

Белгилей кетсек, Көк бөрү боюнча Биринчи лигада «Кара-Буура» командасы чемпион аталган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM