Биз менен байланышыңыз

Эрдогандын дарыгери кыргызстандык наристени сактап калды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2021 | 1045 | 0

Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын жеке дарыгери, Түркия парламентинин депутаты Режеп Шекер учакта жүрөгү кармап калган кыргызстандык наристени ажалдан куткарды. Бул тууралуу Түркиянын маалымат каражаттары жазды.

Окуя 19-мартта Бишкек – Стамбул аба каттамында бараткан кезде болгон. Жүргүнчү учагы Бишкек шаарынан көтөрүлгөндөн бир канча убакыттан кийин, Анкара шаарына жакындап калганда, энеси менен келаткан эгиз наристенин бирөөсүнүн абалы начарлай баштаган. Наристенин апасы кыргызстандык казак болгон. Түрк тилин да, англис тилин да билбегендиктен, баласынын оорусу тууралуу түшүндүрүп айтып бере алган эмес. Мындан улам борттогу кызматкерлер каттамда чогуу келаткан дарыгер Режеп Шекерге жардам сурап кайрылышкан.

 «Биз учакка отурганда жүргүнчүлөрдүн бирөөсүнүн абалы начарлай баштады. Эмне болуп кеткени тууралуу эми эле бурулуп караганымда жаныма учак кызматкери келип, арткы тарапта балдары менен бараткан аялга жардам берүүмдү өтүндү. Мен жакындап барганда мага ымыркайды беришти. Бала көгөрүп, дем ала албай жатыптыр. Анын жүрөгү токтоп калганын байкадым. Дароо жүрөгүнө массаж жасап, жасалма дем алдыргандан кийин ымыркай өзүнө келе баштады. Баланын эмне себептен мындай абалга келгенин түшүнө албадым, анткени эгиздердин апасы түрк же англис тилдеринде сүйлөй албайт экен», — дейт Режеп Шекер.

Андан соң учак Анкара шаарындагы Эсенбога аба майданына шашылыш конуп, наристени тез жардам менен ооруканага алып кетишкен. Учурда баланын абалы жакшы экени кабарланды.

Режеп Шекер – медицина илимдеринин доктору, Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын жеке дарыгери, Түркия парламентинин депутаты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM