Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык студенттердин офлайн окуусуна Орусия уруксат берди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2021 | 612 | 0

Орусия Өкмөтү чет элдик студенттердин өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген Токтом кабыл алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Агартуу министрлиги расмий сайтына жарыялады.

Маалым болгондой, мындай уруксат эпидемиялык абалы турукташкан, коопсуздугу жакшы сакталган өлкөлөргө гана берилет. Буга байланыштуу Орусиянын Агартуу министрлиги COVID-19 боюнча ыкчам штаб менен биргеликте кошумча алгоритм иштеп чыгып, уруксат бериле турган өлкөлөрдүн тизмесин тактады. Тизмеден Кыргыз Республикасын да көрүүгө болот.

Иштелип чыккан алгоритмге ылайык, чет өлкөлүк студенттер өздөрү билим алган окуу жайга электрондук почта аркылуу Орусияга кире турганын 10 күн мурун кабарлашы керек. Катты жибергенден кийин кирүү жөнүндө электрондук почтага кайра маалымат келет.

Студент Орусияга келерден үч күн мурун COVID-19га карата ПЧР-тест тапшырып, натыйжасын орус же англис тилинде алууга тийиш.

Мындан тышкары Орусияга киргенден кийин 72 сааттын ичинде экинчи жолу ПЧР-тест тапшырууга милдеттүү. Анын жыйынтыгын алганга чейин, алар жашаган жери боюнча өзүн-өзү изоляциялоо режимин сактайт. Бул мезгилде окутуу онлайн форматта өтөт. Экинчи тесттин жыйынтыгы чыкканга дейре чет өлкөлүк студенттерге салттуу режимде билим алууга тыюу салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM