Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү-2021: «Кара-Буура» командасы Биринчи лиганын чемпиону аталды

Кыска кабар , Спорт | 21 Мар 2021 | 578 | 0
Сүрөт "Азаттыктын" түз эфиринен алынды

Нооруз майрамына карата Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда ат оюндары өтүп жатат.

Көк бөрү боюнча Биринчи лиганын финалдык оюндарында «Кара-Буура» командасы менен «Жети-Өгүз» командасы бет келди.

Оюндун биринчи бөлүгүндө Азим Болот уулу атаандаштарынын тайказанына улак таштап, «Жети-Өгүз» командасынын пайдасына эсепти ачып берсе, көпкө узатпай эле «Кара-Буура» командасынан Ариет Төлөнов «Жети-Өгүздүн» тайказанына улак таштап, эсепти теңдеп кетти.

Оюндун үчүнчү бөлүгүнүн соңку мүнөттөрүндө Карыпбек Эшиев экинчи улакты тайказанга таштап, жыйынтыгында 2-1 эсеби менен «»Кара-Буура» командасы Биринчи лиганын чемпиону аталды.

Алдыда Көк бөрү боюнча Жогорку лиганын финалдык оюну орун алат. Анда «Достук» жана «Ынтымак» командалары беттешет. Оюн саат 15:00гө белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM