Connect with us

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларды мыйзамды сактоого чакырды

Кыска кабар | 20 Мар 2021 | 530 | 0

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга кайрылуу жасады. БШКнын билдирүүсүндө, саясий партияларга карата мыйзамдык талаптар белгиленген.

Мыйзамга ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды төмөнкүчө сатып алууга тыюу салынат:

— шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө;

— шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга;

— товарларды жеңилдетилген баада сатууга;

— талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символун, БШК тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга;

— акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө.

Мындан тышкары, мыйзамда алапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз экендиги белгиленген.

Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы ат салышып жаткан партияларга мыйзамдагы талаптарды сактоосун эскертти.

Эскерте кетсек, 11-апрелде өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 28 шаардык кеңешке 59 саясий партия катышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM