Биз менен байланышыңыз

Дөөлөт Сыдыков Ош шаарында 3 күн «Манас» айтат (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 819 | 0

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Нооруз майрамына карата Ош шаарында 3 күн «Манас» айтат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, «Сулайман-Тоо» улуттук-археологиялык музейинде «Манас» айтуу алдындагы чакан салтанат болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, музейдин директору Султан Абдрахманов жана маданияттын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, шаар калкы катышты. Салтанаттуу ачылыштан соң, манасчыны «Манас» айта турган ордуна узатып коюшту.

Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыков 2020-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM