Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунда 7 жетекчи аттестациялоодон өтпөй калды

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 890 | 0

Жалал-Абад облусундагы райондордун акимдерин жана орун басарларын аттестациялоодон өткөрүү иши аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 18 талапкерден 2 талапкер 50 пайыздан кем упай алганына байланыштуу кийинки этаптардан четтетилди.

Ал эми аңгемелешүүнүн жыйынтыгында:

  1. 3 адам ээлеген ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат;
  2. 10 адам ээлеген ордуна шайкеш келет:
  3. 5 адам ээлеген ордуна шайкеш келбейт деген баа алышты.

Коммиссиянын корутундусу тиешелүү чечим кабыл алуусу үчүн Премьер-министрдин кароосуна жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM