Биз менен байланышыңыз

USAID Кыргызстандын окуучуларына 1,5 миллион китеп берди

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 992 | 0

USAID «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында Кыргызстандын окучууларына 1,5 миллион китеп берди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, китептер башталгыч класстардын билимин жогорулатуу, сапаттуу окуу материалдары менен камсыз кылуу максатында өлкөнүн 900 мектебине таратылган.

Айта кетчү жагдай, Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин катышуусунда басылып чыккан бул китептер кыргызстандык авторлор жана сүрөтчүлөр тарабынан даярдалган.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун максаты мугалимдерге окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөтүү, окуу маданиятын жогорулатуу аркылуу 1-4-класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү болгон. Мунун арты менен мугалимдер өз ишинде аңгемелерди, оюндарды жана кол өнөрчүлүктү колдонуп, окутуунун интерактивдүү ыкмаларын пайдаланууну үйрөнүштү. Долбоордун алкагында USAID мугалимдерге тиешелүү колдонмолорду, постерлерди жана башка кошумча материалдарды берди. Окуудан ийгиликтүү өткөн мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигинин квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик сертификатына ээ болушту.

Белгилей кетсек, USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору 2016-жылы өз ишин баштаган. Беш жыл аралыгында Кыргызстандын башталгыч класстарына китеп окуунун заманбап усулдары киргизилген. Уюм ушул кезге дейре Билим берүү жана илим министрлиги менен башталгыч билим берүү тармагы боюнча кызматташууну улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM