Биз менен байланышыңыз

Сузак РИИБи жөө жүрүш уюштурду

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 481 | 0

Бүгүн 18-мартта Сузак районунда зордук-зомбулукка, терроризмге, балдардын кылмыш жасоосуна каршы жөө жүрүш болуп өттү. Акция райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан уюштурулган.

Сузак жана Ырыс айыл аймактарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары колдоруна ар түрдүү мазмундагы плакаттарды көтөрүшүп, 2 чакырымдай аралыкты басып өтүштү. Жөө жүрүш Жалал-Абаддын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинен башталып, Сузактын борбордук аянтында жыйынтыкталды.

Жөө жүрүштүн соңунда мектеп окуучулары Сузактын борбордук аянтына топтолушуп, ал жерде милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жаш өспүрүмдөргө баңгизаттарын колдонуунун терс жактары, кылмыш кылуунун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы камтылган атайын брошюралар таратылды.

Иш-чарага катышкан райондук прокуратуранын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери балдарга кайрылуу жасап, кылмыштан алыс болууга үндөштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM