Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги абанын сапатын эми бардык жаран көрүп турса болот

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 764 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Бишкек шаарындагы көчөлөргө жана шаардын чет жакасындагы айылдарга абанын булгануусун өлчөй турган 50 датчик орнотот. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган саамалыктын алгачкы этабы болгон абанын сапатын үзгүлтүксүз өлчөөнү ишке ашыра турган электрондук картанын бет ачары болуп өттү. Ага министр Бообек Ажикеев, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Канокпан Лао-Арая жана «Алматы-Бишкек экономикалык коридорунан» өкүлдөр катышты.

Маалым болгондой, эми кызыккан ар бир жаран Кыргызгидрометтин сайтынан жана «Алматы-Бишкек экономикалык коридору» программасынын almaty-bishkek.orgopenmap.clarity.io сайттарынан Бишкек шаарындагы абанын көрсөткүчүн каалаган учурда карап, көзөмөлдөп тура алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM