Биз менен байланышыңыз

Наманган облусунун өкүлдөрү Жалал-Абадга келди

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 599 | 0

Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусуна келген Өзбекстандын Наманган облусунун башчысынын орун басары Окибжон Инамов баштаган бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер келди. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Конокторду Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев тосуп алып, облустар аралык алака, эки өлкө ортосунда кабыл алынган келишимдерди аткаруу маселесин талкуулашты.

Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад, Наманган облустарынын ортосунда түзүлгөн жол картасынын алкагында, бардык иштер  кезек-кезеги менен аткарыларын, ага мүмкүнчүлүктөр да арбын экенин белгиледи.

Ошондой эле Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматовдун жетекчилиги астында эки облустун ишкерлеринин кеңири форматтагы жыйыны өттү. Анда соода-экономикалык, айыл чарба, кайра иштетүү жана туризми жаатында биргелешип иш алып баруу талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM