Биз менен байланышыңыз

Пандемияга бир жыл: Кыргызстандыктар дале сабак ала элекпиз

Коом | 18 Мар 2021 | 1312 | 0

Кыргызстанга COVID-19 пандемиясы келгенине бүгүн толук бир жыл болду. Коронавирус жуктуруп алган алгачкы жагдай 18-мартта Сузак районунда катталган. Андан кийин өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, чектөөлөр киргизилип, коомдук жайлар жана мектептер жабылып, көптөгөн мекемелердин кызматкерлери аралыктан иштеп баштады. Эпидемия болгон жыл эл арасында эмнени өзгөрттү? Коомчулуктун жүрүм-турумуна, жашоо-шартына кандай таасир берди?  

«Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун төрагасы Айдар Кубанычбеков пандемия элди биринчиден ыраазы болууга жана ден соолугуна көңүл бурганга үйрөттү деп белгиледи. Ошол эле убакта кыргызстандыктар башынан өткөн оор күндөрдү бат унутуп баратканын да кошумчалады.

«Эл биринчиден, шүгүр кылганды жана ден соолукка көңүл бурганды үйрөндү. Бирок убакыт өткөн сайын адам баласы баарын унута баштайт экен. Азыр мисалы, эч ким беткап тагынбайт жана коомдук, эл көп баскан жерге топтолуп жүрүшөт. Эпидкырдаал башка өлкөлөрдө курч бойдон турат, ошондуктан биз да азыр этият мамиле жасоону унутпашыбыз керек».

Ал эми журналист Бактыгүл Чыныбаева эл дале сабак ала элек деп эсептейт. Ал өлкөдөгү жарандык коомдун жасаган иштерине жогорку баасын берет. Себеби оор абалда биригип, күндүзгү стационарларды ачып, миңдеген бейтаптарга жардам колун сунуп, өлүмдөн куткарып калышканын белгилейт.

«Коронавирус инфекциясы күчөп, эл кыйналып жаткан учурда Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүүлүгүнө аябай баа бердим. Кандайдыр бир кырсык же окуя болобу, жарандык коом өтө активдүүлүгүн көрсөтүп, бат эле мобилизация болуп калганына күбө болдук. Бизде ооруканалар ушунча бат курулуп жатканы жана дары-дармек жетишсиз болуп жаткан учурда элдин жардамы менен дароо эле пайда болуп калганы чет өлкөлүк адистерди өтө таң калтырды», — деди Чыныбаева.

«Дүйнөнү каптаган пандемия кыргызстандыктарга кандай таасир берди? Алар бул жөнүндө кандай ойдо?» деген суроо менен элге да кайрылып көрдүк.

— «Биз дагы эле көп сабак албаптырбыз, биздин өлкөдө көп деле өзгөрүү болгон жок». 

— «Пандемия ар бир адамды өзүн сыйлаганды үйрөттү. Ден соолук биринчи орунда болушу керектигин, адамдардын бири-бирине жылуу мамиле кылуусу керектигин, дагы ушул сыяктуу жакшы нерселерге үйрөттү. Албетте эл сабак алды, мындай учурда сабак албаганда, качан алат?!»

— «Башында эл ишенбей жаткан, беткап, колкап тагынбай, коомдук жайларга көп барды. Мен ошол учурда Ысык-Көлдө болуп калдым, май айында туугандарым жана досторум өтүп кетти. Ошондон баштап маска тагынып, өзүбүздү карап баштадым. Ата-энеме аябай көңүл буруп баштадым. Аябай корктум».

Сурамжылоонун алкагында, жакындарды жана ата-энени сыйлап, жакшы мамиле кылуу керек экени көп айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM