Биз менен байланышыңыз

Балдар үйүн бүтүргөндөрдүн келечеги боюнча Өкмөттүн отуруму өттү

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 449 | 0

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик окуу жайларга милдеттүү түрдө тапшыруусуна шарт түзүү зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков атайын кеңешмеде айтты.

Артем Новиков өз сөзүндө балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн турак-жай менен камсыздоо боюнча көптөгөн программалар кабыл алынганын айтып, анткен менен аларды кесипке окутуу, ишке орноштуруу маселелери колго алынбаганына тынсыздануусун билдирди.

Белгиленгендей, социалдык мекемелердин бүтүрүүчүлөрү жашаган орду боюнча учетко турууда, паспорт алууда кыйынчылыктарга туш болушат, мектептеги төмөнкү сапаттагы билими ЖОЖдорго тапшырууга мүмкүндүк бербейт, ошол эле учурда турак-жай көйгөйү да келип чыгат.

«Алардын сойкулукка, кылмыш дүйнөсүнө тартылышы тууралуу жаңылыктарды угуп, таң калабыз. Эгерде мамлекет тараптан алардын жашоодогу ордун табуусуна шарт түзүлүп берилбесе, алар кандай кылышы керек?», — деди Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигине, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ушул жаатта атайын чараларды иштеп чыгууну тапшырды. Ага ылайык, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдордо 100дөн кем эмес гранттык орунга өтүүсү камсыздалып, жатканаларга жайгаштырылат. Колледждер жана кесиптик окуу жайлар ишканалар менен өз бүтүрүүчүлөрүн адистиктери боюнча ишке орноштуруу маселесин иштеп чыгат. Ошол эле учурда мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн бүтүрүүчүлөр чет элдик окуу жайларга да мамлекеттин эсебинен жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM