Биз менен байланышыңыз

Кылыч чабышуу боюнча курама команда Татарстандагы Дүйнө Кубогуна катышат

Кыска кабар , Спорт | 17 Мар 2021 | 487 | 0

Кылыч чабышуу боюнча Кыргызстандын курама командасы 19-23-март күндөрү Татарстандын борбору Казань шаарында өтө турган  Дүйнө Кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Маалым болгондой, мелдешке төмөнкү спортчулар бара турган болду:

  1. Даанышман Жумабай уулу
  2. Нурлан Кулуев
  3. Жоодат Есеналиев
  4. Илим Бакытбек уулу
  5. Камиля Абдыл-Хамитова
  6. Нуртай Абдыл-Хамитов, башкы машыктыруучу;
  7. Валерий Карякин, улук машыктыруучу.

Белгилей кетсек, спортчулар мелдешке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын календарлык планынын негизинде жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM