Биз менен байланышыңыз

Орусияда «Твиттерге» тыюу салынышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 404 | 0

Орусияда жакынкы бир айда «Твиттер» социалдык тармагына толук тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Маалыматтык технологиялар жана жалпы байланышты көзөмөлдөө органы (Роскомнадзор) билдирди.

Роскомнадзордун вице-президенти Вадим Субботиндин маалыматына караганда, Орусияда ылдамдыгы басаңдаган «Твиттер» бир ай бою текшерүүдө болот. Бул аралыкта соцтармакты тейлеген компания Орусиянын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаса, анда аны таптакыр чектөө маселеси каралат. Эгер коюлган талаптар аткарылса, санкция кайра алынат.

Эскерте кетсек, 10-мартта Роскомнадзор «балдарды суицидге, уятсыз жоруктарга чакырган, баңгизатты жайылткан маалыматтты алып салган жок» деген жүйө менен Твиттердин мобилдик түзмөктөрдөгү ылдамдыгын 50 пайызга азайткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM