Биз менен байланышыңыз

Тажик жараны аткез товар алып келатып кармалды

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 372 | 0

Лейлек районундагы чек ара бекетинен аткез товар алып кирүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Лейлек районунун Борбордук айылына жакын жердеги бекеттен чек ара кызматкерлери Тажикстан жараны айдап келаткан «Hyundai-Porter» жүк ташуучу унаасын токтоткон. Текшерүү учурунда унаадан уруксат кагазы, тиешелүү документтери жок 1 тонна 475 килограмм курма табылган. Аткез товардын жалпы баасы 265 миң сомдон ашуун болгон.

Кармалган жаран товары менен кошо тиешелүү органдарга өткөзүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM