Биз менен байланышыңыз

Активист Тилекмат Куреновдун жакындары анын бошотулушун талап кылууда

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 534 | 0

Активист Тилекмат Куреновдун (Тилекмат Кудайберген уулу) тарапташтары Свердлов райондук сотунун алдында митинг өткөрүп жатат. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Гүлжигит Исаков «Маралга» кабарлады.

Тилекмат Куреновдун бошотулушун талап кылып, анын жакындары жана тилектештери чыккан. Акцияга 30 чакты адам катышууда.

Белгилей кетсек, активист Тилекмат Куренов социалдык тармактагы баракчасына бийликти сындаган пост жазганы үчүн 15-мартта кармалган. Ошол эле күнү анын үйү да тинтүүгө алынган. Укук коргоо органдарынан маалымдагандай, Тилекмат Куреновдун Фейсбуктагы постуна «бийликти күч менен басып алууга үндөгөн» деген кине коюлуп жатат. Учурда бул боюнча соттук экспертиза дайындалган. Азыркы тапта анын баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралууда. Тилекмат Куренов буга чейин «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын түзгөн, ал 9-мартта «Ханституцияга каршыбыз» акциясына да катышкан болчу.

Активисттин соцтармактагы пикири бийликти чочулатты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM