Биз менен байланышыңыз

Аксы окуясында көз жумгандар эскерилди

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 582 | 0

Бүгүн, 17-мартта Аксы районунда 2002-жылы Аксы окуясында каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун аймактык кабарчысы маалымдады.

Эскерүүгө Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, курман болгондордун жакындары, каргашаны көрүп калган адамдар катышты.

2002-жылдын 17-мартында Нарындагы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана ошол кездеги бийликтин бул кадамына каршы чыккан Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына нааразы болгон эл Аксыдан Бишкекке жөө жүрүш жасаган. Аларды токтотуу үчүн Боспиек айылынан күч түзүмдөрү тосуп чыгып, эки тараптын кагылышынан 6 адам каза таап, 70тен ашык адам ар кандай жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM