Биз менен байланышыңыз

Илхам Алиевдин кызынын китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 636 | 0

Азербайжан Президенти Илхам Алиевдин кызы Лейла Алиеванын китеби «Кудайдын үнүн уккум келет» деген ат менен кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Китептин бет ачары Бишкек шаарында өтүп, ага министр Кайрат Иманалиев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджиев жана акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү катышты.

Лейла Алиеванын бул китебин кыргыз тилине Кыргыз эл акыны Омор Султанов, акындар Аида Эгембердиева жана Алтынай Темирова которгон.

Акын, сүрөтчү, режиссёр коомдук ишмер Лейла Ильхам кызы Алиева 1984-жылы Москва шаарында туулган. Азербайжанда жарык көрүүчү «Баку» журналынын башкы редактору жана Гейдар Алиев атындагы коомдук фонддун вице-президенти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM