Биз менен байланышыңыз

Талас драма театрында каржылык мыйзам бузуу болгон

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 503 | 0

Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына аппаратураларды алууда бир катар мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, аталган театрга аппаратураларды жеке компаниялардан өз наркынан кыйла жогору, тагыраагы, 25 млн сомго сатып алышкан. Мунун кесепетинен өлкө казынасына 10 млн сом зыян келген. Бул иштер Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүү ишинин алкагында маалым болду.

Такталгандай, сатып алуу иштери Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлеринин кабыл алуу актысы менен жүргүзүлгөн.

Учурда УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM