Биз менен байланышыңыз

«Телеграм» аркылуу баңгизат саткан Орусия жараны Бишкектен кармалды

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 575 | 0

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгы психоактивдүү заттарды жана баңгизаттарды сатуу менен алектенген каналга бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жазык кодексинин 267-беренесине ылайык жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, Бишкек шаарынан «Телеграмм» социалдык тармагына  психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын ачып, интернет аркылуу иш жүргүзүп келген «@LuCHiKso» аттуу аккаунттун ээси кармалды. Кылмыш ишине шектүү Орусиянын 1993-жылы туулган жараны экени тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болду.

Жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүүнүн натыйжасында жарандын жашаган жеринен кызгылт-сары түстөгү таблетка түрүндөгү, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармек, тамеки тартуу түрүндөгү жабдуулар, керектөө үчүн түтүктөр жана бульбулятор табылып алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, ал психоактивдүү зат экендиги аныкталды.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM