Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда 5 жетекчи аттестациялоодон өтпөй калды

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 2847 | 0

Баткен облусунун акимдерин жана орун басарларын аттестациялоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, аттестациялоонун алгачкы этабы — компьютердик тестирлөөдөн бир талапкер баш тарткандыгына байланыштуу жана бир талапкер тестирлөөдөн 50 пайыздык босогодон кем упай алгандыгына байланыштуу комиссия кызмат ордуна ылайык эмес деп тапты. Ошондой эле акыркы этап — аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен дагы үч адамга ушундай баа берилди.

Ошол эле учурда 5 талапкер ээлеген ордуна татыктуу деген баа алды.

Комиссиянын корутундусу тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн Премьер-министрге жөнөтүлөт.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун жетекчилери аттестациялоонун акыркы этабынан өтүп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM