Биз менен байланышыңыз

АКШ кыргыз бийлигинин Ирактан балдарды алып келүү аракетин кубаттады

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 746 | 0

Америка Кошмо Штаттары кыргыз өкмөтүнүн Ирактан балдарды алып келүү аракетин кубаттаган билдирүү таратты. Элчиликтин маалыматында бул балдардын өз мекенинде жакшы жашоодо өмүр сүрүүсүнө шарт түздү.

«Кыргызстандын өкмөтү Сириядан балдарды кайтарып, алардын коомго кайра кошулуусу, коопсуз жана тынч жашоого кайтуусу үчүн бардык чараларды көргөнү — мактоого татыктуу аракет. Биз балдарды мекенине кайтарууга аракет жасаган башка мамлекеттик органдардын ишин да колдойбуз. Эң көп Борбор Азия өлкөлөрү Сириядагы жана Ирактагы жарандарын мекенине кайтарды», — деп айтылат маалыматта.

Америка Борбор Азиянын башка мамлекеттерин Кыргызстандан үлгү алып, согуш жүрүп жаткан аймактардан жарандарын кайтарууга чакырды.

Белгилей кетсек, алгачкылардан болуп Казакстан Сирия жана Ирактан өз жарандарын алып келген. Андан соң Өзбекстан, Тажикстан да ушундай кадамга барган.

Ирактан 79 бала Кыргызстанга алынып келинди (фото)

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM