Биз менен байланышыңыз

Ирактан 79 бала Кыргызстанга алынып келинди (фото)

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 1544 | 0

Ирактан Кыргызстанга «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында 79 бала алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн 16-мартта Бишкекке Ирактан атайын борт келип конду. Анда Ирактагы согуштук аракеттерге катышты делген кыргызстандык жарандардын балдары мекенге кайтарылды. Алынып келген 79 бала энелеринин макулдугу менен Кыргызстанга атайын миссиянын алкагында жиберилген.

«Кыргыз Өкмөтү алып келинген балдарды коомго адаптациялоого, тынч жашоого көнүүсүнө бардык колдоолорду көрсөтөт», — деп айтылат маалыматта.


ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛУУ: Жакындарыбызды Сириядан алып келүүгө жардам бериңиз!


Балдарды мекенине кайтаруу репатриациялык иш-чаралардын алгортми болуп саналат. Аларды тиешелүү кызматтар бир канча убакыт көзөмөлгө алган соң, балдар жакын туугандарына берилет. «Мээрим» гуманитардык миссиясы балдарды кооптуу аймактардан куткаруу жана аларга татыктуу жашоо шартын түзүү максатында ЮНИСЕФтин, Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосунда ишке ашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бир канча жылдан бери Сирия жана Ирактагы согушта катышкан кыргызстандыктардын балдарын коопсуз зонага алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Ушул жылдын февралында Ирак бийлиги менен келишимге жетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM