Биз менен байланышыңыз

Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Кыска кабар , Спорт | 16 Мар 2021 | 469 | 0

22-23-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Мелдешке 7 облустан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген балбандар 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, +96 кг салмакта күч сынашат.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы түзүлүп, алар дүйнөлүк, Азия чемпионаттарында, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жана башка эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргошот.

Программа ылайык, мелдештер 22-мартта саат 10:00до башталып, ачылыш аземи саат 14:00дө орун алат.

Чемпионат Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM