Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддан люктун капкактарын уурдагандар кармалды

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 363 | 0

Жалал-Абад шаарынан эки ууру кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад ШИИБне 14-марттан 15-мартка караган түнү шаардын люктарынан 15 капкак жоголгону боюнча «Суу канал» ишканасынан арыз түшкөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси (уурулук) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө-териштирүү иштери башталган. Анын натыйжасында, Сузак районунун 2000-жылы жана 2001-жылы туулган эки тургуну кармалды.

Кармоо учурунда алынган далил заттар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда шектүүлөрдүн башка иштерге да катыштыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM