Биз менен байланышыңыз

Европанын үч өлкөсү «AstraZeneca» вакцинасын алууну токтошту

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 376 | 0

Германия, Италия, Франция өлкөлөрү британ-шведдик «AstraZeneca» компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасын алууну токтотушту.

Жергиликтүү маалымат булактарынын жазганына караганда, аталган өлкөлөр «AstraZeneca» вакцинасын Европанын Дары-дармек агенттиги препарат боюнча өз оюн билдиргенге чейин албай турууну чечишкен.

Эскерте кетсек, буга чейин Австрия, Эстония, Литва, Люксембург, Латвия, Дания, Норвегия, Исландия, Нидерланды, Болгария жана Румыния да «вакцинаны колдонууда кан уюп калышы мүмкүн» деген кооптонуудан улам алууну токтоткон

Ал эми вакцина чыгарган компания препараттын коопсуз экенин далилдөөгө бардык аракетин жумшап келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM