Биз менен байланышыңыз

Францияда коронавирустан каза тапкандар көбөйүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 394 | 0

Франциянын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалымат боюнча, аталган өлкөдө акыркы суткада COVID-19 илдетинен 333 адам каза тапкан.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 90 миң 762 адамды түздү.

Франция боюнча инфекция жугузуп алгандардын жалпы саны 4 млн 78 миң 133 адамга жетти. Мунун ичинен 3 млн 713 миң 600 адам ооруну жеңген.

Өлкөнүн ооруканаларында учурда 25 миң 469 бейтап дарыланууда. Алардын ичинде 4 миң 219у жандандыруу бөлүмүндө.

Дүйнөлүк статистикада Франция COVID-19 инфекциясын жугузгандар боюнча 6-орунда, ал эми каза табуулар боюнча 8-орунда турат.

Франция бийлиги коронавирус инфекциясынын кескин көбөйгөнүнө байланыштуу жаңы чечимдер чыгарын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM